• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Исхак Масалиев эки өлкөнүн согушунда Россияны колдоону сунуштады

4 Аяк оона 202412:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Бул жыйында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Исхак Масалиев орус-украин согушу боюнча өз пикирин билдирип, азыркы учурда Россияны колдоону сунуш кылды.

«Биз бейтарап позицияны карманып турдук, бул туура болгон деп эсептейм. Бирок августтан тарта 15 облуска ракеталар атылып, бомбалар ташталды. Мен эмне үчүн муну айтып, маселе коюп жатам? Ал жакта биздин бир миллиондой жараныбыз жашап жана иштеп жатышат. Анан калса биз ЖККУда союздашпыз. Ошон үчүн Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары спикерден суранам, ушул маселени көтөрүп, терең изилдеп, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл. Менимче, биз колдошубуз керек. Биз Мамдума менен бирге иштешип, кандайча жардам бере аларыбызды ойлонушубуз керек», — деди Масалиев.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги орус-украин согушунда бейтарап позицияны карманып келе жаткандыгын эске салабыз.

Количество просмотров: 170