• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Масалиев: Шаардык кеңешке өткөн партиялардын көпчүлүгү олигархтар

12 Чын куран 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Шаардык кеңешке өткөн партиялардын көпчүлүгү олигархтар. Мындай пикирин мурдагы депутат,  «Кыргызстан коммунисттер партиясынын» лидери Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, алдыга чыккан ар бир партияда 5-6 курулуш компаниянын ээлери бар.

«Шайлоодо добуштарды сатып алуу аракети, административдик ресурс колдонулду дегендерге толук кошулам. Үй жана квартал комитеттери жарандарга акча таратканы анык болуп турат. Шаардык кеңешке өткөн партиялардын көпчүлүгү олигархтар болуп жатат. Ар бир партияда 5-6 курулуш компаниянын ээлери бар. Ошондуктан бул шайлоо таза өткөн жок, мен өтө нараазы болдум. Өкүнүчтүүсү бийлик тарабынан дагы «колуңарды тарткыла» деп эч ким айткан жок»,-деди Масалиев.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өткөн.

Количество просмотров: 186