• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Масалиев төрага катары депутат Абдылдаевди көргүсү келет

18 Бештин айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакыртып алуу сунушун чечмеледи.

Анын айтымында, Дастанбек Жумабеков кызматка даяр эмес келген. Бирок анын жаш экендигин эске алганда, алдыда үйрөнө турган көп жагдайлар бар.

Акыркы жылдары коомчулук тараптан бир гана спикерге эмес, жалпы Жогорку Кеңешке бир топ сындар айтылып жатат. Буга биз четте турбашыбыз керек. Ал эми сунуш ишке ашабы, жокбу аны айта албайм. Дастанбек Жумабеков жигит катары кичипейил адам. Бирок төрагалыкка илим-билими жетишпейт. Баардыгы айтып жатат Масалиевдин спикерге жеке таарынычы бар деп. Эч кандай таарынычым жок ал жакшы жигит. Эгерде менин сунушум эске алынса, добушту Мыктыбек Абдылдаевге бермекмин”,-деди Масалиев.

Количество просмотров: 3265