• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Масалиев: Ташиев тергөө аяктаганга чейин кызматын тапшыра турса абийри таза болмок

22 Кулжа 2022 15:16 Бишкек Govori.TV

Камчыбек Ташиев тергөө аяктаганга чейин кызматын тапшыра турса абийри таза болмок. Мындай пикирин ЖК депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын төрагасынан сиз кызматтан кетесизби деп сурабастан, бул суроону президентке узатуу керек.

«Себеби, Камчыбек Кыдыршаевич мен кетем деп айтпайт… Жеке менин пикиримде ушу тергөө бүткүчө кызматын тапшырып турса, бир аз абийри таза болмок. Албетте, ал кишинин күнөсү бар деп айта албайм, бирок сага ушу тармак ишенилип тапшырылган соң ушу тармакта иштеген кызматкерлерди көзөмөлдөшүң керек, сенин милдетиң. Өзү айтып жатпайбы, мен Казакпаевдин тагдырын карап турган элем деп. Бирок ушул абал болду да. Албетте, абакта жүздөгөн адам жатса алардын баарын карап тура албайт, бирок тергөө болуп жаткан учурда маалымат алып туруш керек да», — деди депутат.

Количество просмотров: 295