• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Масалиевдин ордуна Айдаров ЖК депутаты болду

26 Бугу 202015:56 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Айдаров Нургазы Абдыраевичти «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат катары каттады. Ал парламентке буга чейин өз арызынын негизиеде мандантын тапшырган Исхак Масалиевдин ордуна келди.

Жогорку Кеңештеги бош депутаттык мандантты өткөрүп берүү тууралуу БШКнын токтому бүгүн, 26-майдагы отурумда кабыл алынды. Н.Айдаровго күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Н.Айдаров Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаровдун («Кыргызстан») бир тууганы.

Количество просмотров: 69