Бишкек ШИИББнын КИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.
2024-жылдын 26-сентябрь күнү Р.Т. аттуу жаран Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына арызы менен кайрылган. Анда 2024-жылдын июнь айында М., А., У., аттуу адамдар, Р.Тнын ишеничине кирип, 2018-жылкы “Lend Rover Range Rover” үлгүсүндөгү автоунаасын 7 миллион 850000 сомго баалашып, 3 айдын ичинде төлөп беребиз деген убада менен 2 миллион 162500 сомду беришип, кийин автоунааны башка адамдарга сатып, убадаланган акчасын Р.Тга кайтарып бербестен, ар кандай шылтоо менен качып жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 209 беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө иш чараларынын жыйынтыгында, укук коргоо кызматкерлери тарабынан 1985 -жылы туулган А.Б. аныкталып кармалган. Ал Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, КР КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иш чаралары улантылууда.