• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маскачан парад. Кыргыз жоокерлери Кремлде

23 Кулжа 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

Улуттук гвардиянын эсептеги резервдик курамы Москва шаарында парадка даярданууда. Бул тууралуу видео материалды фейсбук колдонуучу Акбар Разыкулов өздүк баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген. Москадагы парад коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда Москва шаарында өтөт. Жеңиш парадына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат.

Количество просмотров: 32848