• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров Орусиядагы парадга катышышы мүмкүн

24 Чын куран 2023 16:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтчү парадга катышышы мүмкүн. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы Орусиянын президенттик администрациясындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «9-майга карата башка да чет өлкөлүк меймандар келиши мүмкүнбү?» деген басылманын суроосуна жооп берген эмес.

2022-жылы 9-майга карата өткөн Москвадагы аскердик парадга башка өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынан эч ким катышкан эмес. Мындай көрүнүш Орусиянын жаңы тарыхында алгачкы жолу болгон. Анда Дмитрий Песков Кремль парадга чет өлкөдөн эч кимди чакырбаганын билдирген. Азырынча орус бийлиги быйыл Жапаровдон башка лидерлер чакырылган-чакырылбаганы боюнча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 38