Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, сотко Матраимовду абактан чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүч келтирип, ал канааттандырылган.
Эске салсак, Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.