• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимов иликтөөдөгү айыптоолорго үн катты

22 Жетинин айы 2019 15:24 Бишкек Govori.TV

Бажыдагы коррупциялык схемаларга байланышкан журналисттик иликтөө боюнча бир тууган Матраимовдордун улуусу Искендер Матраимов жооп берди.

Ал «Азаттык» радиосу жана Kloop басылмасынын иликтөөсүндө далилсиз материалдар жарыяланганын белгилейт.

«Иниме байланыштуу айтылып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. «Азаттык» биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой, негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. «Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту» деген мисалдарды келтирген», — деди Матраимов.

Ошондой эле иликтөөгө көмөктөшүп, материалдарды берип турган Айэркен Саймаитиге ишенүү орунсуз экенин билдирет.

«Азаттыктын» негизги таянган булагы — алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөзүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жүрүп жатат», — деп белгиледи Матраимов.

Белгилей кетсек, ушу тапта «Азаттык» менен Kloop басылмаларынын журналисттери жасаган иликтөөсү коомдо чоң резонанс жаратууда. Анда маркум Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, бир тууган Матраимовдор менен байланышы, бажыдагы коррупциялык схемалар жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденген. Иликтөөдө журналисттер Саймаитинин өзү менен байланышып, негизги окуялардын өнүгүшүн өз оозунан угушкан.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Количество просмотров: 2005