• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев: Матраимов мындан ары «матиз» минип жүрүшү керек

2 Жетинин айы 202316:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кемин районунун акими А. Жумаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор болбой турганын айтып, «мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафиялар болбойт», — деди.

Количество просмотров: 671