Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-апрелде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды.
Бул тууралуу соттон ырасташты.
Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.
Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.
Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.