• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Матраимов өлкөдөгү абал тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты

6 Тогуздун айы 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка бара жаткан, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өлкөдө болуп жаткан абал боюнча комментарий берүүгө маанайы жок экенин айтты.

Говори.ТВ агенттиги депутат менен байланышып, митингчилердин шайлоону жокко чыгаруу жана анын бир тууганы Раим Матраимовду жазага тартуу тууралуу билдирүүлөргө кандай жооп берээрин сураган.

Ал эми Матраимов өлкөдөгү абал тууралуу комментарий берүүгө маанайы жок экенин айткан.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.

Количество просмотров: 871