Бүгүн, 29-январда Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча ишти кароону улантат.
15-январга белгиленген сот жараяны жубайлар Райымбек жана Уулкан Матраимовдордун фамилиялары өзгөртүлгөнүнө байланыштуу 3-февралга жылдырылган.
Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын өткөн жылдын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.