• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдордун доосу боюнча «Медиа Полиси» институту билдирүү таратты

12 Бештин айы 2019 19:08 Бишкек Govori.TV

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Буга байланыштуу «Медиа Полиси» институту билдирүү таратты.

«Бул доо башка жалпыга маалымдоо каражаттарын коркутуу максатында берилди. Ал эми Свердлов райондук сотунун чечимин конкреттүү ЖМКга басым десек болот. Бул ЖМКнын иши тосмолонуп жатат (болгондо да соттун чечими жок туруп). ЖМК финансылык милдеттенмелерин аткара албай калышы үчүн, жамаатка маяна төлөй албай калышы үчүн алардын бардык ишмердиги, анын ичинде өндүрүш-чарба иштери тосмолонуп жатат.

Сот кимдир-бирөөнүн пайдасы үчүн эле уюмдун укугуна кийлигише албайт. Сот табияты боюнча өз чечими менен калыс болуп, коомдун күнүмдүк муктаждыктарын канааттандырууга тийиш. Бүгүнкү күндө ошондой муктаждык — ЖМКнын банк эсептерин камакка коюуга муктаждык — барбы?

Соттун ЖМКнын эсептерин камакка коюу тууралуу аныктамасы Конституцияга каршы келген жана укукка жүйөсүз кийлигишүү катары сөзсүз түрдө даттанууга берилет. Экинчи инстанция (Бишкек шаардык соту) мыйзамга, адилеттүүлүк жана тууралык принциптерине ылайык бул аныктаманы жокко чыгарат деп ишенебиз».

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону 12-декабрда белгилүү болду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 117