• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимовдуку болсо бир жөн, бийликтин партиясына кошулдум дегенден уялган депутаттар

23 Үчтүн айы 202018:29 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=rgeTNZZAKI4

Бийликтин партиясы болгон КСДП президенттик шайлоодон соң мурунку менен азыркы ажонун пикир келишпестигинен улам экиге бөлүнүп, дайыны чыкпай калды.
Мындан соң эми бийликтин партиясы түзүлөбү? деген суроолор жаралган. Ошондой кептерде бийликтин партиясы «Биримдик» болоору айтылган эле. Анын негиздөөчүсү катары Карганбек Самаков айтылып келет.
Акыркы аптада «Биримдик» партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого билек түрө киришкени тууралуу маалыматтар тарап, анын курамына азыркы парламенттеги аттуу-баштуу депутаттар да киргени жана анын сап башында Асылбек Жээнбеков турганы айтылган.
Аталган партиянын негиздөөчүсүмүн деген ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева партия шайлоого бара турганын айткан.
«Парламенттик шайлоо күзүндө болот, ага чейин убакыт бар. Эч кандай тизме жок. Биринчи ал шайлоого даярданыш керек. Ал тизме шайлоого жакын съездде бекитилет. Парламентте 120 депутат бар. Ар бир депутат кайсы партияга кошуларын өзү чечет. Анын ичинен Асылбек Жээнбековдун да өз эрки. Ар кандай болушу мүмкүн. Балким бизге кошулушу мүмкүн. Бирок мен так жооп бере албайм. Бул суроону мага эмес, өзүнө бериш керек»,-деди депутат.
Бирок «Биримдик» бийликтин партиясыбы деген суроого ачык жооп берүүдөн баш тарткан.
Алтыбаевадан тышкары партиянын тизмесине Төрөбай Зулпукаров, Курманкул Зулушев, Улан Примов, Азамат Арапбаев, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Исхак Пирматов, «Замандаштын» лидери Жеңиш Молдокматов, Тынчтыкбек Шайназаров, Мирлан Бакиров, а түгүл «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бар экени айрым маалымат каражаттарында айтылууда. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов «Биримдик» саясий партиясынын төрагасы экенин айткан.
Бирок, саясатчылар чынында эле шайлоого «Биримдик» менен барабы же жокпу ачык айтпай, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн качып жаткан чагы.
Ал эми депутат Рыскелди Момбеков КСДПны таштап кетип жатканын айта албагандардын кыймыл аракеттери жигитчиликке жатпай калганы айтып, нааразы болду.
Кыргызстанды башкарган ар бир президенттин өзүнүн партиясы болгонун айткан депутат Исхак Масалиев бул иштин аягы жакшы бүтпөгөнүн билдирди.
Бирок бүдөмүк кептер коштогон «Биримдик» сурмжылоо боюнча шайлоого барабыз деп ниет кылган партиялардын арасында биринчи орунга чыкканы буга чейинки суроолорду азайтпай эле көбөйткөн өңдүү.
Ал эми коомчулукта айтылган кептерде бийликтин партиясы катары негизделип жатат деген дагы, бир эки партия бар. Алардын бирин Матраимов жетектеп турганы жана анын тизмеси «Биримдиктен» да кызыктуу экени айтылууда.

Количество просмотров: 885