• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Матраимовдун айылына Өкмөт эмнеге зордоп акча берет?

5 Бирдин айы 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн бюджети дотациядан чыкпай жатканына нааразы болуп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. Депутат бул боюнча ага Кара-Суу районунун акимчилигинен кат келип түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, акимчилик төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарууну суранып, эки жылдан бери Финансы министрлигине кайрылууда. Аймактарды дотациядан чыгаруу багытында өкмөттүн тапшырмаларын аткарып Кара-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджетин толтуруу жана жылдан-жылга көбөйтүү максатында бир топ жумуштар аткарылды деп цифраларды жазып жатышат.

Акимчилик мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев, азыркысы Бактыгүл Жээнбаевага эки жылдан бери кайрылып, төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарып коюуну суранууда. Акимчилик «бизге теңдөөчү гранттын кереги жок, өзүбүздү-өзүбүз каржылап жатабыз, жетпеген акчаны айыл өкмөттөргө бергиле» десе, Финансы министрлиги «жок, силер алгыла» дейт экен», — деди Матраимов.

Количество просмотров: 1201