• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Матраимовдун өкүл баласы ИИМдин мурдагы чиновнигинин уулунун башын жардыбы?

9 Үчтүн айы 201916:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019. Govori.TV.

Кыргызстандын бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин баласынын башын жарган. Бул туурасында Vesti.kg сайты жазып чыкты.

« «Ош» ыкчам бажы кызматынын начальнигинин мурдагы орун басары Эмилбек Кимсанов Кангелдиевдин уулунун башын жарды», — деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрө кетели, Эмилбек Кимсанов өткөн жайда бир кишини арматура менен сабап, тапанча такап коркутуп көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон. Бирок өздүк булактар МБК мурунку кызматкери кайрадан кишинин денесине жаракат келтирип урган деп Vesti.kg сайтына билдирди.

Эмилбек Кимсановдун азыр МБК иштебегендигин МБКлар билдиришти. Ошону менен бирге алар анын өз каалоосу менен кеткендигин же болбосо кызматтан бошотулгандыгын так айтышкан жок.
Ал эми Ош облусунун ИИБ маалымат кызматы Кимсанов деген жарандын кылган иши тууралуу маалыматтары жок экендигин айтышкан. Андай факт бизде катталган эмес, — деп ырасташты аймактык милициядан.

Жабырлануучудан Ош шаарынын ИИБ арыз келип түшкөн эместигин жана бул факт тууралуу иштин материалы жоктугун айтышты.

Эмилбек Кимсановдун Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышы бар экендигин да тактоого мүмкүн болбоду. МБК төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов берген сурообузга жооп берүүдө баш тартты.

Мындай сурооңорду менин бир тууганымдын өзүнө бергиле, деп жооп берди ал.

Болжолубузда, кеп Чүй облусунун мурдагы башчысы, ИИМ ИКК мурунку начальниги Эркин Кангелдиевдин уулу тууралуу болуп жатса керек. Кангелдиевдин үй бүлөсү менен да байланышка чыгып, бирок алар да азырынча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Булак: Vesti.kg

Количество просмотров: 13