• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Оруссияда кармалганын билдирди

6 Баш оона 202512:57 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Новосибирск шаарында (Россия) кармалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 6-августта саат 02:20да ал үй-бүлөсү менен жашаган үйгө милиция кызматкерлери келген. Ал өзүнүн камакка алынышына Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар деп эсептейт. Ошондуктан ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге объективдүү тергөө жүргүзүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Сайпидинов Мунарбек Акимжанович Райымбек Матраимовдун өкүл баласы болуп саналат. 2021-жылдын январь айында Сайпидинов күч органдары тарабынан кармалган. Соттун чечими менен Сайпидинов мамлекеттин кирешесине 1 млн 33 миң сом төккөн.

Эскерте кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимовго карата үч берене боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген: «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», «Бейбаштык» жана «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу».

Количество просмотров: 173