• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басылды

14 Бирдин айы 202421:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мөөр басып кетти. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы билдирген.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталган.

Үй Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Эске салсак, январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Ал эми өткөн жумада атайын кызмат Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген.

Количество просмотров: 185