Жогорку Кеңештин жыйынында Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке жана башка өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги каралып жатат.
Анда депутат Дастан Бекешев Бороновго суроо узатып, Матраимовдун жардамчысы болгон Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу тараган видео жөнүндө айтты. Эл өкүлү бул окуя иликтенип, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
Ал эми Боронов видео тууралуу кененирээк маалыматы жок экенин айтып, бирок бул тууралуу карай турганын айтты.
Эске салсак, кечээ Кимсановдун жактоочусу видео чыгарып, СИЗОдон Кимсановду сабап жатканы боюнча далил алдым деп жазган.
Ал эми ЖАМК тараган видео текшерилип жатканы тууралуу маалымат тараткан болчу.