• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

MCN coin’ге акчасын алдаткандарга 1 млн 700 миң доллар кайтарылды

10 Бирдин айы 202516:51 Бишкек Govori.TV

MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын кызматкери данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

MCN coin’ге каражат салып кайра ала албай калган адамдар дагы деле арыз берип, алар териштирилип жатканын кошумчалады.

Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин («Алдамчылык») 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда.

Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды.

Количество просмотров: 794