Ноокат районунда дүкөндөрдөгү акчаларды жана мечиттердеги буюмдарды уурдап жүргөн 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы жигиттин Бишкек, Ош шаарларынын, Баткен жана Ысык-Көл облусунун аймактарында дагы ушундай эле уурулук кылып жүргөнү аныкталып, тогуз уурулук фактысы боюнча шек саналууда.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.