• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Медиа эксперттер «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышууда

18 Кулжа 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Медиа Полиси Институтунун эксперттери депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнур Осмонованын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Алардын айтымында, документте демилгечилер сунуштаган чектөөлөрдүн эркин ой-пикирин колдонууга укуктук негиз жок. Мыйзам жетиштүү так формулировкаланган эмес жана жарандарга анын аткарылбай калышынын кесепеттерин алдын-ала көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт жана ошого жараша пикир жана сөз эркиндигине болгон укуктун принцибине шек келтирет.

«Мыйзам аны ишке ашыруу боюнча жооптуу адамдарга жалган жана чектелиши керек болгон нерсени чечүүгө кеңири ыйгарым укуктарды берет», — деп айтылат “Медиа полиси институтунун» талдоосунда.

Эксперттер сунуш кылынган редакция Конституциянын 20-беренесине карама-каршы келээрин белгилеп, ага ылайык, чектөөлөр алар дайындалган максаттар үчүн гана белгилениши мүмкүн жана алар көздөгөн конкреттүү максатка түздөн-түз байланыштуу жана ага пропорционалдуу болушу керек.

Бүгүнкү талкуунун катышуучулары мыйзам долбоорун кабыл алуу туура эмес болорун белгилеп, аны четке кагуу керектигин айтышты.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Количество просмотров: 190