• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Медиа Полиси институту” коомдук уюму блогер Али Шабдан тууралуу билдирүү жасады

12 Бугу 2020 17:20 Бишкек Govori.TV

“Медиа Полиси институту” коомдук уюму блогер Али Шабдан тууралуу билдирүү жасады. Аталган уюм Али Шабдандын сөздөрүндө Кылмыш кодексин буза тургандай эч нерсе жок экенин билдирет.

«Акыркы убакытта биз, жарандарды алардын бийликтин аракеттерине карата соцтармактарда постторду же комментарийлерди жарыялашына байланыштуу укук коргоо органдарына чакырылышы жөнүндө окуяларды көбүрөөк уга баштадык. Бул колдонуучулардан (посттордун авторлору, ошондой эле репост жасаган адамдар жана жадакалса социалдык тармактардагы посттордун комментаторлорунан) түшүндүрмө каттарды алып жатышат, түшүнүксүз юридикалык  жоопкерчилик жөнүндө эскертип жатышат. Бир сөз менен айтканда, алар менен “түшүндүрмө” ишин жүргүзүп жатышат. Жакынкы ушуга окшогон кейс 2020-жылдын 1-майында Шабдан у Ч. менен болду, ал өзүнүн соцтармактардагы  барагында, мында кандайдыр бир мыйзамдарды бузбастан, сөз эркиндигине жана пикирин билдирүүгө конституциялык укугун ишке ашырган. Бирок жыйынтыгында ага милициядан келип, облустук ИИБге алып келишкен жана анын аракеттеринин себеби  боюнча андан түшүндүрмөнү талап кылышкан. Ушул конкреттүү мисалда эмне үчүн укук коргоо органдары жарандын эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга конституциялык укугуна гана кол салбастан жана ошондой эле улуттук коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка бир катар процессуалдык ченемдерди бузгандыгын түшүнүүнү сунуштайбыз»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Шабдан у Ч. өзүнүн Facebook  соцтармагындагы баракчасында ар кандай коомдук-маанилүү темаларга далай жолу өзүнүн пикирин билдирген.

Количество просмотров: 81