• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

28 Жалган куран 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууарлуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.

Үй Совет (Байтик Баатыр) жана Донецк (Сүйөркулова) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак-жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда», — деди министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 141