• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мээрбек Мискенбаевдин жубайы: «Жолдошум эртең менен сурак берүүгө кеткен боюнча жок»

25 Үчтүн айы 2019 14:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Социалдык түйүндө “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы жазылууда.

Бүгүн, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин жубайы «Жолдошум эртең менен сурак берүүгө кеткен боюнча жок. Байланышка дагы чыга элек»,- деп билдирди.

Анын айтымында, Мискенбаев бир нече күндөн бери сурак бергенге барып жатат.

Былтыр июнь айында «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель баатырлары» коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан.

Буга чейин былтыр март айында Мээрбек Мискенбаев «президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун» деген талапты койгон.

Булак: 25-январда SUPER.KG порталы

Количество просмотров: 22