• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ата-энеси үйүнө камап кеткен балдар куткарылды

14 Чын куран 2023 11:03 Бишкек Govori.TV

Кече, 13-апрель күнү Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине дароо Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан кызматкерлер барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн.

Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып киришип ичинде үч кичинекей 3 -5 жашар балдар бар экендигин көрүшкөн. Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришкенин билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Количество просмотров: 424