• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын утуп алды

6 Тогуздун айы 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына өттү.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Количество просмотров: 346