• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мээрим Жуманазарова америкалык Эмит Элор менен күрөшөт

6 Баш оона 202419:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиадада кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарованын атаандашы тууралуу кыскача маалымат.

20 жаштагы Элор 10 жашынан тарта күрөш менен машыгып келет. Ал 72 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023) жана күрөш боюнча Панамерикалык чемпионаттын жеңүүчүсү (2023).

Өткөн жылдын октябрь айында ал 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында каршылаштарынын көбүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, эң үстөмдүк кылган катышуучу катары таанылган.

Америкалык спортчу 2022-жылы 18 жашында эң жаш Дүйнө чемпиону болгон.

Количество просмотров: 248