Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада 40тан ашык спортчуга коронавирус жукту. Мындай маалыматты брифингде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Мария Ван Керкхове таратты.
Анын айтымында, акыркы күндөрү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө COVID-19 вирусу
аныкталган адамдардын саны өсүп жатат.
Буга чейин Парижде австралиялык 5 спортчудан, Олимпиаданын 3 жолку чемпиону
болгон британиялык сууда сүзүүчү Адам Питиден жана Бельгиянын курама командасындагы бир нече спортчудан COVID-19 вирусу табылганы маалымдалган.