5-августта Париж Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 68 килограмм салмакта килемге чыкты.
Ал монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 1/8 баскычта 8:3 упай менен жеңип, чейрек финалга аттанды.
Чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Кыргыз балбан кызы атаандашын 8:6 упай менен жеңип, жарым финалга аттанды.
6-августтагы беттешинде нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, финалга аттанды. Ал атаандашын 3:1 упай менен жеңди, эми Мээрим Жуманазарова финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Балбан кыз тарых жаратты.