Жоламан Шаршенбековдун атаандашы белгилүү болду. Балбан бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашат.
Ал 5-августта өткөн мелдештерде Казакстан менен Румыниянын спортчуларын эки жолу жеңген. Ал эми жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калды.
Коло медаль үчүн күрөштө кыргыз балбанынын атаандашы ирандык Мохсен Нежад Мехди болмокчу.
26 жаштагы Мохсен Нежад Мехди Азия чемпионатынын жеңүүчүсү.
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.