«Токио 2020» жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, балбан кыз Мээрим Жуманазарова Мекке шаарына барды. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүрөт киргизип, билдирүү жазды.
«Кээде башыңды жөлөп, ыйлаганга ийин таппай каласың. Бирок башыңды ийип, көз жашыңды төгүүгө жериң бар», — деген ал.