• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Мээрим Жуманазарова Олимпиадада алгачкы беттешин жеңди

2 Баш оона 20219:42 Бишкек Govori.TV

Кыз-келиндер күрөшүндө 68 кг салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алгачкы күрөшүн Болгариянын спортчусу Мими Христова менен өткөрдү.

Жуманазарова атаандашына 5:4 эсебинде утулуп жатып, акыркы секундада эки упай алып жеңишке жетишти.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова алгачкы жолу Олимпиадага катышып жатат.

Количество просмотров: 384