• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Мээрим Жуманазарова Түркиядагы эл аралык мелдеште күмүш байге алды

26 Бирдин айы 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan турниринде Кыргызстандын балбан кызы Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште Нигериядан келген Блессинг Обордудуга 0:3 эсебинде утулуп калды.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Ханум Велиевага туш болду. Эки спортчу биринин артынан бири упай топтоп жатып, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн (эсеп 5:5) утуп алды.

Алтын үчүн кармашта мекендешибиз нигерниялык Блессинг Оборудудуга 0:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 108