• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мээрим Жуманазаровага 501 роза гүлүн ким бергени белгилүү болду

18 Чын куран 2023 9:32 Бишкек Govori.TV

Америкадагы кыргыз жигити Мээрим Жуманазаровага 501 гүл жөнөттү. Бул тууралуу жарандык активист Кундуз Ажибекова Фейсбук баракчасына жазды.

«Социалдык тармактарда Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда катышкан спортчуларыбызды тосуп алууда Мээрим Жуманазаровага жакшы көңүл бурулбай калганы бүгүнкү күнгө чейин талкууланып жатат. Бишкектеги жигиттер ушул абалды жөнгө салып, бир букет гүл белекке берип коё албаганы өкүнүчтүү. Ал эми өзү алыста болсо дагы, Мээрим кызыбыздын көңүлүн көтөрүп, намыстуу жигитибиз 501 роза гүлүн белекке берди. Ушундай намыстуу жигиттерибиз көп болсун! Сизге терең ыраазычылык билдирем! Спортчу кыздарыбыз мындан ары да чоң чоң ийгиликтерди багынтып жүрө беришине тилектешмин», — деп жазды ал.

Эске салсак, Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы аэропорттон тосуп алууда Мээрим Жуманазарованын гүлсүз турган сүрөттөрү талкуу жараткан. Ал эми Маданият министрлиги кыздардын баарына гүл берилгенин билдирген.

Количество просмотров: 1858