• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

MegaComду сатуу пландалууда

22 Жетинин айы 2022 12:54 Бишкек Govori.TV

Кийинки жылы «Альфа Телеком» (MegaCom соода маркасы) ЖАКты сатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин компания 19 млрд сомго бааланган, азыр болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн. «Бул акыркы баасы эмес, баалоо компаниялары аныктайт», — деди ал.

Ошондой эле Бакиров «Керемет банктагы», «Кепилдик фондундагы» жана «Сарамжал Транс» ЖЧК жана башкалардагы мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жатканын кошумчалады.

«Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти», — деди ал.

Количество просмотров: 429