• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов үй камагына чыкты

21 Кулжа 2022 17:20 Бишкек Govori.TV

Ири суммадагы алдамчылыкка шек саналып камалган “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Жамангуловдун бөгөт чарасын 20-июнда Октябрь райондук соту караган.

Эске салсак, Акылбек Жамангулов 12-мартта кармакка алынган. Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелүүдө.

Жамангулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2018-жылдын октябрь айында «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

Количество просмотров: 215