• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси кармалды

27 Кулжа 2023 15:58 Бишкек Govori.TV

«Мегакомдун» мурдагы директору Б.А.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.

УКМК кабарлагандай, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турган. Андан тышкары мекемеге техникалар кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян тийгени жазылган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана тергөө уланууда.

Кошумчалай кетсек, жогорудагы инициал мекеменин мурдагы жетекчиси Азат Базаркуловдун ысымына туура келүүдө. Азат Базаркулов буга чейин “Мегаком” компаниясына эки жолу, 2012-2018 жана 2021-2022-жылдар аралыгында директор болгон.

Количество просмотров: 169