• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция кыздардын аброюна шек келтирген видеолор боюнча текшерүү баштады

10 Аяк оона 202411:46 Бишкек Govori.TV

Милиция адамдын кадыр-баркына шек келтирген видеотасмаларды таратуу боюнча арызды текшерип жатат. ИИМ тараткан маалыматк ылайык, 7-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А. К. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

«Анда, 2024-жылы болжол менен сентябрь айларында социалдык баракчалардын биринин колдонуучулары белгисиз кыздардын аброюна шек келтирген видеолорду жайгаштырып жатышкандыгын билдирген. Окуяга байланыштуу белгисиз адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бирок, бул окуялар кайсыл даректе видеого тартылганын билбегенин билдирген. Аталган факт 2024-жылдын 7-сентябрь күнү жогоруудагы окуя Сверлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Учурда аталган факты боюнча жогоруда аталган баракчалардын администраторлорун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө тапшырмалары берилип алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 139