• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

“Мекендештер – 2023” форуму өтөт

11 Жетинин айы 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусу менен 14-ноябрда “Мекендештер – 2023” форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум — өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз-ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлөт.

Форумда:

• Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү;

• Жаңы жумуш орундарын түзүү жана мекендеш-инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды уюштуруу сунуштарын жүзөгө ашыруу;

• Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралмакчы.

Иш-чара 14-ноябрда «Новотель» мейманканасынын чоң залында өтөт. Сурап-билүү телефондору: 0(312) 62 45 08, 0(312) 62 18 16.

Количество просмотров: 105