• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» ортосундагы чыр менен БШКнын иши жок

21 Аяк оона 2020 11:17 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тиешелүү органдар териштирет. Бул тууралуу Govori.TVга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Окуяны териштирүүгө БШКнын тиешеси жок. Себеби биз тергөө органы эмеспиз жана бул иш-аракеттерди аткара албайбыз. Тиешелүү органдар териштирет. Бизге жаңжал боюнча маалымат келген күндө дагы укук коргоо органдарына жөнөтөбүз. Эгерде шайлоо процессине тиешеси болсо, укук коргоо органдарынын корутундусунун негизинде чечим кабыл алышыбыз мүмкүн»,- деди Бекматов.

Эске салсак, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып оорукана түшкөн. Ал эми 30га жакын жаран сурак берип жатат. Чыр эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыкканы айтылууда.

Количество просмотров: 180