• Шейшемби 22 Аяк оона 2020

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

15 сентября 2020 в 13:06 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкери Кылычбек Исамамбетовго Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» деген 44-беренесине ылайык айыппул салат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим БШКнын 14-сентябрдагы отурумунда кабыл алынган. Берилген арызда белгиленген чектөө чараларына карабастан, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы концерт өткөрүп жатканы тууралу Vesti.kg маалымат агенттиги жарыялаган жаңылык жөнүндө айтылат. Бул концерт тууралу Supernews.kg ресурсунда дагы материал жарыяланган. Арыз ээси “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу орун алган деп эсептейт.  Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагын териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн.

Арыз ээси, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алганын көрсөткөн, бул партия плакатта 18 жашка чыга элек баланын сүрөтүн пайдаланып, “Балага сүйүнчү” боюнча маселени шайлоо алдындагы программасында чагылдырган.

Териштирүү учурунда партиянын өкүлдөрү мындай иш-чара Баетов айылында өткөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жазага партияны эмес, талапкердин өзүн тартыш керек экенин айтышты.

Жыйынтыгында БШК талапкерге үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жазага тартуу жөнүндө чечим чыгарган.

Количество просмотров: 213