Бишкектин Токтогул жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
15-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында окуучу жол чийининен өтүп бара жатканда аны унаа сүзүп кеткен. Айдоочу баланы үйүнө жеткирип, окуя тууралуу ата-энесине айтпай кетип калган. Ата-энеси жол кырсыгы тууралуу кийин билип, баласын ооруканага жеткиришкен.
Учурда айдоочу изделүүдө.