Мектепке кол салуу болуп, анда төрт окуучу жарадар болду
Мектепке кол салуу болуп, анда төрт окуучу жарадар болду
25 Тогуздун айы 2018 8:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.
Бийлик адамдары билдиргендей, Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы согушкерлердин ок атуусунан төрт окуучу жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилген. Мотоцикл минген белгисиз адамдар мамлекеттик мектепти аткылап, изин суутуп кетишкен. Бул кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.
Провинциянын башчысы Жамал Камал Хан кол салууну айыптап, иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Иран жана Ооганстан менен чектешкен, кен байлыктарга бай аймак катары саналган Белужистанда диний радикалдар жана көтөрүлүшчүл топтордун чабуулдары байма-бай болуп турат. 2002-жылдан бери аймакта мындай чабуулдардан миңдеген адамдар көз жумган. Бирок мектептерге кол салуу сейрек көрүнүш.
15 мектеп үчүн спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты
Бишкекбашкыархитектуранын адистери Октябрь районунда жайгашкан 15 мектептин спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, …