• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мектепте балаты майрамында пиротехника колдонууга тыюу салынды

24 Бештин айы 2018 8:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV.

Билим жана илим министрлиги мектептерде жана бала бакчаларда жаңы жылдык балаты майрамдарында фейерверк уюштурууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин атайын буйругу чыкканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Буйрукта пиротехникалык каражаттардын эч бир түрүн пайдаланууга уруксат жок экени айтылат.

Билим берүү боюнча райондук жана шаардык башкармалыктар өрт коопсуздугун сактоо чараларын көрүп, балдар жана ата-энелер, мугалимдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Кыргызстанда 2,5 миңге жакын мектеп бар, аларда 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Бул жумада баардык бала бакча, мектептерде балаты майрамдары өтүп, кышкы каникул 1-январда башталат.

Үчүнчү чейрек 14-январда башталат.

Былтыр өрт коопсуздугу сакталбай, Чүйдүн Кегети айылында окуучулар иске ууланган. Окуяга байланыштуу министрликте комиссия түзүлүп, териштирүү жүргөн.

Количество просмотров: 37