• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мектепте балдардын көзүнчө эне мугалимди ыйлатты. Министр билдирүү жасады

6 Жетинин айы 202410:02 Бишкек Govori.TV

Мектепке барып сабак учурунда мугалим менен урушуп, аны тилдеп жаткан эненин видеосу соцтармактарда тарады. Бул окуя Бишкек шаарынын мектептеринин биринде болгону тууралуу айтылууда.

Ал эми билим берүү министр Докдургүл Кендирбаева бул боюнча комментарий берип, өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазган.

“Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес! Эч ким эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок!!! Өзгөчө окуучулардын жана ата энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт!!! Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм жана жеке көзөмөлгө алдым! Мугалим керек болсо учурда ата энеден ашса ашат, бирок кем калбай балдарга тарбия билим берип жатат!”, -деди министр.

Количество просмотров: 1194