• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мектепте ок чыгарган Ильназ Галявиев эки айга камакка алынды

14 Бугу 2021 8:36 Бишкек Govori.TV

Татарстандын борбору Казань шаарынын Совет райондук соту калаадагы №175 мектепте ок аткан 19 жаштагы Ильназ Галяев 11-июлга чейин камакта калтырды.

Маалыматка караганда, ал тергөө иштери аяктаганча Казан шаарындагы СИЗО-1де кармалат.

Галявиев Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-3-пункттары менен («эки же андан ашык адамды жалпы коркунучтуу жол менен өлтүрүү») айыпталууда. Бул беренеге ылайык, айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит киши өлтүрүү аркылуу эл алдында өзүнүн «артыкчылыгын далилдегиси» келген. Аны ишке ашыруу үчүн ал мылтыкты ок-дарысы менен сатып алган.

Эске салсак, 11-майда, Казанда 19 жаштагы бала мектеп окуучуларына ок чыгарып, анын кесепетинен 9 адам көз жумуп, 21 адамдын жаракат алган.

Количество просмотров: 289