• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мектептеги кол салуудан үч окуучу жараат алды

13 Бирдин айы 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Петропавловск шаарында 9-класстын окуучусу өзү окуган №4 орто мектепке балта жана бычак алып барып, үч курдашын жарадар кылды.

Түндүк Казакстан облустук билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, башынан жана далысынан жараат алган эки окуучу жергиликтүү Балдар ооруканасына жеткирилди. Дагы бир окуучуга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда мектептин аймагында ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Облустук прокуратурадан курдаштарына кол салган окуучу кармалып, «Адам өлтүрүү максатында кол салуу» беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча кармалган окуучу психиатрдын каттоосунда турган. Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө ал окуучунун жана мектеп жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берилет», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, 9-класстын окуучусу алгач экинчи кабаттагы ажаатканага кирип, беткап кийген соң далисте бараткан 9-10-класстарда окуган эки бала менен бир кызга кол салган. «Петропавловск.news» сайтынын маалыматына караганда, окуя сабактар башталганга чейин болгон.

Мектептеги кол салууга байланыштуу Казакстандын Агартуу министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Количество просмотров: 113